Биз менен байланышыңыз

«Мекеним Кыргызстан» партиясы алдыңкы 20 талапкердин тизмесин чыгарды

Кыска кабар | 23 Авг 2020 | 6592 | 0

Быйыл өтүүчү парламенттик шайлоого катыша турган «Мекеним Кыргызстан» партиясы да алдыңкы 20 талапкеринин тизмесин жарыялады. Анда тизмени Жогорку Кеңештин депутаты, партия лидери Мирлан Бакиров баштап бара турган болгон.

Ошондой эле ал тизмеде Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Марлен Маматалиев, Жыргалбек Турускулов, Искендер Матраимов, Таабалды Тиллаев жана Гулкан Молдобековалар бар.

Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басарлары Бакытбек Дюшембиев жана Татьяна Кузнецова, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов да тизмеге кирген. Андан тышкары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовду да алдыңкы 20 талапкердин арасынан көрүүгө болот.

Толук тизме:

  1. Мирлан Бакиров
  2. Улан Садалиев
  3. Ибрагим Жунусов
  4. Татьяна Кузнецова
  5. Бакытбек Дүйшембиев
  6. Улан Сырдыбаев
  7. Марлен Маматалиев
  8. Элнура Алканова
  9. Жыргалбек Турускулов
  10. Искендер Матраимов
  11. Таабалды Тиллаев
  12. Гүлкан Молдобекова
  13. Канат Аманкулов
  14. Ахматбек Келдибеков
  15. Канатбек Азиз
  16. Бактыгүл Молдогазиева
  17. Данир Иманалиев
  18. Эрлист Акунбеков
  19. Кылычбек Исамамбетов
  20. Гүлмира Шакирова

Башка партиялардын жарыяланган алдын ала тизмеси:

 

«Ыйман Нуру»;

«Реформа»;

 «Чоң Казат»;

«Замандаш»;

«Бүтүн Кыргызстан»;

«Ата Мекен»;

«Бир Бол»;

«Биримдик»;

«Республика» .

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Үгүттөө иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM