Биз менен байланышыңыз

Канткенде өлкө мыйзам нугуна түшөт?

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2020 | 826 | 0

Өлкө мыйзамдуу талаага келиши үчүн эл 2021-жылдын 10-январында конституциялык референдум боюнча өз добушун бериши керек. Мындай пикирин саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл мыйзамдуулук орношу үчүн добуш берсе, үмүт пайда болот.

«Садыр Жапаров бийликке келип, ырымдап Жээнбековго экс-президент макамын берип коюп, алар менен келишип, Раимбек Матраимов менен көмүскө, түшүнүксүз жагдайларда келишип алып жатса, мыйзам талаасынан чыгып, легитимсиз парламент аркылуу конституциялык реформаларды жасаарын айтса, биз мыйзам талаасына кантип келебиз?» — дейт Акматов.

Ал белгилегендей, укук коргоо органдары, соттор жеке адамдын өч алуу аракеттери үчүн кыймылга өтөрүн, бирок мыйзамдуулукту орнотууга келгенде аксап каларын айтып, сынга алды.

«Бийлик бутактарын туура түзүп, ордуна койгондо, сот системасы аткаруу бийлигинен көз карандысыз болгондо, сөз эркиндиги сакталып, баарына реакция кыла турган жарандык коом пайда болгондо гана жаман иштер ачыкка чыгып, кылмышкерлер жазасын алышына, мындан ары мыйзамсыздыктарга жол бербөөгө негиз түзүлмөк. Тилекке каршы, учурда алардын бири да жасала элек», — дейт журналист.

Copyright © 2017 Maral FM