Биз менен байланышыңыз

“Тойбосс” өз дарегине айтылган сынга жооп берди

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 10555 | 0

Буга чейин “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан кичинекей курт чыкты деген видео социалдык тармактарга тараган. Ал тасмада Каракол шаарынын тургуну сатып алган азыгынан курт табылганын айтып, видео аркылуу нараазычылыгын билдирген.

Бүгүн, 21-августта “Тойбосс” компаниясы ошол окуя тууралуу жооп берди.

“Биз өндүргөн колбасанын ичинен курт-кумурска чыкканы жөнүндө арыз түшкөн. Бул маселе боюнча расмий жооп бергибиз келет”, — деп компания өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.

Компаниянын билдиришинче, колбасага курт-кумурскалар менен микробдордун кирүүсү мүмкүн эмес. Буга бир нече себептер бар:

-Кесилбеген продуктуга микроб жана бактериялар кире албайт.

-Комбинаттын ичинде этти сактоо температурасы өтө төмөн, ошондуктан кумурскалар ал жакта жашай албайт.

-Продукт бактерия жана микроорганизмдерден сактоочу атайын баштыктар менен корголгон.

-Биздин максат колдонуучуларга сапаттуу азыкты тартуулоо болуп саналат жана сатып алуучуларды атайын ууландыруу ниетибиз жок.

-Азык туура эмес сакталган учурда майда микробдор кириши мүмкүн. Ошондой эле, атайын акча талап кылуу максатында ушундай аракеттерге баргандар да көп кездешет.

Компания колбаса азыктарын төмөнкү температурадагы таза муздаткычта сактоону сунуштайт жана азыкты сатып алууда өндүрүлгөн мөөнөтү жана сактоо шарттарына көңүл бурууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM