Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Күзүндөгү толкунга парламенттик шайлоонун тиешеси жок

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 510 | 0

Социалдык тармактарда күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодон кийин коронавирустун 2-толкуну башталат деп жатышат. Бул атайын пландалып жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазып жатышат. Бирок күтүлүп жаткан 2-толкундун парламенттик шайлоого эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова “Маралга” берген маегинде айтты.

-Жыл сайын эле курч кармоочу оорулар октябрь айынан башталып, мартка чейин катталат. Күзүндө сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук инфекция дагы катталат. Үчөөнүн көп белгилери окшош болот, аба аркылуу жугат. Кол менен учурашканда, байланыш болгондо да жугат. Үчөө бир келгенде айрым жарандар үчүн оорчулук туудурушу мүмкүн.

Дарыгердин айтымында, быйыл сасык тумоого каршы 700-800 миң вакцина келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM