Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБине 700 миң тонна көмүр алынат

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 372 | 0

Бишкек ЖЭБине 700 миң тонна көмүр алууга келишим түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

«29-июндагы сынактын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз көмүр» ишканасы менен 700 миң тонна көмүргө келишим түзүлдү. 20-август күнү Таш-Көмүрдүн 600 миң тонна көмүрүн алуу боюнча сынак жарыяланат. Сырттан 330 миң тонна көмүр алуу боюнча сынак жарыяланып, 12-августта сынактык арыздар ачылды. Бүгүнкү күнү тендердик комиссия иштеп жатат. 11-августта 4 миң тонна мазут боюнча сынактык арыздар ачылып, арыздарды сынактык комиссия карап жатат. Ош ЖЭБине 20 миң тонна кыргыз мазутун алуу боюнча «Кыргызмунайгаз» компаниясы менен келишим түзүлүп, мазут жерине жеткирилди», — деди ал.

Анын айтымында, өлкө боюнча 768 отун базасын ачуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM