Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» кенинде канча алтын калганы айтылды

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 1127 | 1

«Күмтөр» кени алтын өндүрүү иштерин 1997-жылы баштаган. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин 384,3 тонна алтын өндүрдү. Учурда борбордук кендин балансында 104,345 тоннадан ашык алтын бар. Алдын ала божомол боюнча 2022-жылга чейин 23 тонна алтын өндүрүлүүгө тийиш. Мындай маалыматты Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов  Жогорку Кеңештин комитетинде «Кумтөр» алтын кени боюнча талкууда билдирди.

Кен казуу иштерин алдын ала божомолдоо (прогноз) 2026-жылга чейин уланат.

1 пикир

1 пикир

  1. Ыманкул

    08.01.2020 08:07

    Бийликке ишенбейм, куноону мурунку бийликке шылтап, кылгылыкты кылып келе жатышат 28 жылдан бери.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM