Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 548 | 0

Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Өнөр жай жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов билдирди.

Анын айтымында, «Электр станциялары» ААКсы электр энергиясына чектөөлөрдү киргизүүнү пландаган жок.

«Биз мурда маалымдагандай, энергетика объектилеринде капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бардык жумуштар график боюнча жүрүп жатат, күз-кыш жылуулук мезгилине карата даяр болот», — деди ал.

Белгилей кетсек, 24-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14 млрд 666 млн куб метрди түзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM