Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сары: Өлгөн малдарга алтын казуу компаниясы компенсация төлөйт

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 531 | 0

Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен Кытай компаниясы өлгөн малдарга компенсация төлөп берет. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов алтын казуу кенинин жетекчилиги менен компаниянын жакшы имиджин түзүү максатында маселени чечүүнү суранган. Натыйжада ишкананын жетекчилиги өлгөн малдар үчүн компенцация төлөп берүүгө макул болушкан.

Буга чейин атайын түзүлгөн комиссия Солтон-Сарыдагы малдардын өлүмүнө байланыштуу бир канча лабораториялык экспертизаларды жүргүзүшкөн.

Мамлекеттик ветеринардык, фитосанитардык жана коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчиси Калыс Жумаканов билдиргендей, сууда жана топуракта адамдардын жана малдардын ден-соолугуна зыян кылуучу эч кандай зыяндуу зат табылган эмес.

Эске салсак, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда июль айынын башында 22 козу өлгөн. Өлгөн койлордун баары бир короодон чыккан жана жалаң эркек козулар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM