Биз менен байланышыңыз

Боронов: Инвесторлорго альтернативдүү варианттарды сунушташыбыз керек

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 447 | 0

«ЮрАзия» компаниясы Кызып-Омпол уран кенин чалгындоого 271 миллион сом сарптаган жана лицензиясынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу сарптаган акчасын төлөтүү үчүн өкмөткө айып коюшу мүмкүн. Мындай пикирин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдувахап Нурбаевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал эми депутат Закир Шараповдун: «Комиссия лицензия алган компаниянын уран казуу боюнча катачылыктарын таап, лицензияны жокко чыгарса, ошол бойдон иш токтойбу, же эл аралык сотторго кайрылып сот процесстери уланабы?» — деген суроосуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов инвесторлордун да өз укуктары бар экендигин айтып, альтернативдүү варианттар сунуштала тургандыгын билдирди.

«Мен ойлойм, ага жеткирбей эле ишти токтотконго аракет кылабыз, менимче, альтернативдүү варианттарды сунушташыбыз керек. Инесторлордун да укугу бар. Маселелерди эске алып,  ишти сүйлөшүү жолу менен бүтүргөнгө аракет кылабыз. Эгерде алардан кандайдыр бир шалаакылык кетсе, ал маселелерди да карайбыз. Мунун баары комиссиянын корутундусунан кийин билинет», — деди Кубатбек Боронов.

 

Copyright © 2017 Maral FM