Биз менен байланышыңыз

Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыяланып, орун басарлары кызматтан алынды

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 577 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев тоо-кендерин иштетүү боюнча жыйын өткөрүп, анда тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланганын айтты. Өкмөт башчы тиешелүү ведомстволорго бир катар тапшырма коюлганын, бирок алардын аткарылбаганын айтып сындады.

-Мисалы, кен объекттерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткара алган жоксуңар», – деп белгиледи.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялап, анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык кызматтан алынды.

Премьер-министр кыска мөөнөттө топтомдуу иштерди жүргүзүп, коюлган милдеттерге жетүүгө тоскоол болгондордон арылууну тапшырды. Алар боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилиши керек. Анткени мындай аракеттердин айынан инвестициялык климат жабыр тартып жатат.

-Инвесторлорго мамлекеттик мамиле жана мамлекеттик колдоо сакталышы керек. Буга байланыштуу лицензия берүүнүн негизги жоболоруна сынактык жана аукциондук кен байлык объекттерине мамлекеттин милдеттүү үлүшүн караган ченемдер киргизилет.

Кошумчалай кетсек, 30-январда коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда жер казынасын пайдалануу маселеси каралган.

Copyright © 2017 Maral FM