Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» университетинин магистратура программасынын артыкчылыктары

Блог | 18 Авг 2020 | 947 | 0

“Ала-Тоо” эл аралык университетинин магистратура программалары бүтүрүүчүлөргө, бакалаврдык дипломго ээ адистерге уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.

Окуп жаткан багыты боюнча компетенттүү адис катары калыптануусунда университеттин магистратура программаларындагы сапаттуу окутуудан сырткары, терен илимий-изилдөөчүлүк багыт маанилүү роль ойнойт. Магистратура программаларында окутуунун уюштурулушу окуп жаткандарда илимий-изилдөөчүлүк жөндөмдөрдүн калыптанып, өнүгүшү жана изилдөөчүлүк жолунда аларды колдоно билүүсүнө багытталып, натыйжада магистратуранын окуу планына ылайык илимий-изилдөөчүлүк камтылган семинарлар, конференциялар, тегерек столдор, форумдар ж.б. өтүп турат.

“Ала-Тоо” эл аралык университетинин магистратура программаларында окуу процессинин басымдуу бөлүгү англис тилинде жүргүзүлүп, мындан сырткары кыргыз, түрк, орус тилдеринин колдонулушу негизги өзгөчөлүк болуп саналат. Окутуучу-профессордук курамга чет өлкөдөн келген жана кыргызстандык жогорку квалификациялуу адистер — профессорлор, илимдин докторлору жана кандидаттар кирет.

Магистратура программалары:

  1. Информатика жана эсептөө техникасы
  2. Филология (Түркология)
  3. Менеджмент
  4. Педагогика
  5. Экономика
  6. Лингвистика
  7. Эл аралык мамилелер

Информатика жана эсептөө техникасы

Информатика жана эсептөө техникасы багыты маалыматтык жана компьютердик технологияларды колдонуу аркылуу маалыматтарды кайрадан иштеп чыгуучу заманбап автоматташтырылган системаны, техникалык торчолордун, интеллекттик маалыматтар банкын жана базасын түзө билген адистерди даярдайт. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Университет изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн заманбап базасына ээ болгондуктан, магистранттар изилдөөчүлүк жана проектилик иштерин кеңири жүргүзө алышат. Аталган багытта магистр даражасын алгандар Кыргызстан жана чет өлкөдө жогорку маяна төлөнүүчү кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Филология (Түркология)

Филология (Түркология) багыты түрк тилдери жана филологиясы багытындагы адистерди даярдап, түрк тилдери багыты боюнча жогорку деңгээлдеги профессионалдык, илимий-изилдөөчүлүк билимдерге, компетенцияларга ээ болушат. Окуу процесси кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлүп, окутуучулар курамын түркиялык жана Кыргызстандын күчтүү профессорлору, доценттери, илимдин кандидат, докторлору түзөт. Университетте аталган багыттагы магистратураны бүтүрүү менен “Түрк тилдери” багыты боюнча аспирантурага тапшырып, окуу мумкүнчүлүгү бар.

Менеджмент

Менеджмент багыты проектилерди башкаруунун теориялык негиздерин өздөштүрүү, экономикалык ишмердүүлүгү чөйрөсүндө стратегиялык башкаруу, проектилерди башкаруу, уюшулган проектилөөдөгү  инструменттерин жана заманбап ыкмаларын колдонуу аркылуу тажрыйбалык жөндөмүн калыптандырууга багытталган. Магистратурада магистранттар заманбап башкаруунун теориясы, өндүрүштүк жана административдик башкаруунун жөндөмдөрүн, экономикалык механизм жана корпоративдик маданият  боюнча негизги билимдерди алышат. Окутуу англис, орус, кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.

Педагогика

Педагогика багыты компетенттүүлүктүн талаптарынын негизинде магистрлерди педагогикалык даярдыкка окутуп, үйрөтөт. Аталган багыттын бүтүрүүчүлөрү билим берүү тармагында башкаруу жана адистик багытта иштей алышат. Магистратурада  окутуунун теориясын, педагогикалык изилдөөнүн методологиясын терең изилдеп, окутуу тажрыйбаларына ээ болушат.  Педагогика багытын бүтүргөн магистранттарда илим-изилдөө багытында, ЖОЖдордо, мектептерде иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Окуу процесси англис, түрк, кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Экономика

Экономика багыты  “Экономикалык саясат”, “Финансылык экономика” багыттарын сунуштайт. Аталган багыт мамлекеттик башкаруу органдары, илимий-изилдөөчүлүк, проекти-аналитикалык, финансы-экономикалык уюмдар үчүн жогорку квалификациялуу аналитик адистерди жана ЖОЖдордун окутуучуларын даярдайт.  Бүтүрүүчүлөр экономикалык теория жана практика багытында терең фундаменталдык билимдерге, микро жана макродеңгээлдеги заманбап сапаттык жана сандык талдоо ыкмаларына ээ болушат. Окутуучу-профессордук курам чет өлкөлүк жана Кыргызстандын мыкты профессорлорунан куралган. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт.

Лингвистика

Лингвистика багыты тил илиминдеги чет тилин (англис) окутууга негизделген. Мындан сырткары магистранттар жөндөмүнө жараша  лингвистикалык софтту: кепти таануу программасы, текстти автоматтык негизде кайрадан иштеп чыгуу, интернеттеги компьютердик сөздүктөрдү, энциклопедияларды, түшүндүрмө кызматтарын иштеп чыгуу боюнча билим алышат жана котормочу же окутуучу катары да эмгектене алышат.  Окуу процесси англис тилинде жүргүзүлөт.

Эл аралык мамилелер

Эл аралык мамилелер багыты эл аралык мамилелер жана дипломатия багыты боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт. Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик кызматтарда (КР ТИМ, чет өлкөдөгү КР консулдуктары жана элчиликтери, административдик иштер), эл аралык уюмдар жана бирикмелерде (мисалы, КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык парламенттик Ассамблеясы), бизнесте (көп бүтүрүүчүлөр жеке компаниялардын эл аралык байланыштар бөлүмүндө иштешет) жана соода-өндүрүштүк палаталарда ж.б. жерлерде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Магистратурага тапшыруу үчүн керектүү документтер тизмеси:

-Арыз;

-Бакалавр дипломунун оригиналы;

-Дипломдун тиркемесинин көчүрмөсү;

-2 сүрөт 3х4;

-Паспорттун көчүрмөсү (документ толтурууда оригиналы керек);

-Келишим;

-Жеке баракча (личный листок по учету кадров).

Чет өлкөлүк жарандар эсине алуучу жагдайлар:

Паспорттун котормосу, дипломдун жана дипломдун тиркемелеринин кыргыз же орус тилиндеги котормосу (котормо наториустан тастыкталышы зарыл).

Окуу мөөнөтү:

Магистратура – 2 жыл.

“Ала-Тоо” эл аралык университетинин магистратурасына документтерди тапшыруу 2020-жылдын 1-июлдан 1-октябрга чейин жүргүзүлөт. Адрес: Бишкек шаары, Тунгуч кичи району, Анкара көчөсү 1/8

Тел.: +996312631425

Моб. тел.: +996555820000

Факс: +996312630409

Web-site: alatoo.edu.kg

Copyright © 2017 Maral FM