Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мектеп директоруна сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 591 | 0

Бишкек шаарындагы №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Анда айтылгандай, №54 мектептин фондуна акча чогултуу фактысы боюнча ата-энелер массалык маалымат каражаттарына кайрылган.

«Мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери териштирүүнү баштаган. «Директордун тамак-ашына жана башка чыгымдарга» деп каражат чогултууну айткан мугалим жумуштан алынды, мектеп директоруна сөгүш жарыяланды», — деп билдирет мэрия.

Мэрия №54 мектептин директорун кызматтан алуу маселеси караларын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM