Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Борбор Азияда абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 510 | 0

Бүгүн, 16-августка карата Казакстанда 409 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 213 адамда оорунун клиникалык белгилери жок. Казакстанда жалпы 102 миң 696 адам коронавирус менен катталды.

Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 41 миң 865 адамды түздү. Анын 34 миң 306сы айыгып чыгып, коронавирус жана пневмониядан жалпы 1495 адам каза тапты.

Акыркы суткада Өзбекстанда дагы 243 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен өлкөдөгү бейтаптардын жалпы саны 34 миң 944 адамга жетти.

Ал эми Тажикстанда 40 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Тажикстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 8029 адамга жетти. Алардын ичинен 6815 адам айыгып, 64 бейтап көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM