Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 17-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;
Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.
Бишкек шаарында 17-августта жаан жаабайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.