Connect with us

Вирустун очогунда иштеген дагы 200 медкызматкер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 303 | 0

Бүгүн, 15-августта ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 200 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын арасында Ош, Талас жана Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерде, илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, медайымдар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын айдоочулары бар.

«Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 15-июлунда президент Сооронбай Жээнбеков менен медицинанын илимий ишмерлеринин ортосунда болуп өткөн жолугушуунун чечимдерин өз нугунда ишке ашырууда», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлдөгү “Энесай” пансионатында 7 күн эс алышмакчы. Каржылоо маселеси эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду тарабынан чечилди.

Министрликтен кошумчалашкандай, акыркы 3 жуманын ичинде жалпысынан 450дөн ашуун медицина кызматкери “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында эс алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM