Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 2676 | 0

Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар, кечээ алар 8 адам болсо, бүгүн дагы бирөө кошулуп, жалпы саны тогузга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов бүгүнкү брифингде билдирди.

Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр, — деди Касымбек Мамбетов.

Маалыматка ылайык, COVID-19 вирусун жуктуруп алган 9 медкызматкердин жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны  144гө жетти. Алардын ичинен 6 адам айыгып, бирөө каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM