Биз менен байланышыңыз

16-августка карата аба ырайы

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 351 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 16-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;

Таласта түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28.

Бишкек шаарында 16-августта жаан жаабайт.

Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +34…+36 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM