Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 446 | 0

Бишкек шаарындагы жаңы эксперименталдык жугуштуу ооруканасында металл каркастуу түркүктөрдү жана устундарды орнотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлайт.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө бардык төрт блоктун пайдубалы аяктады. Долбоорлоого чейин котлаванды кайрадан топурак менен толтуруу иштери 90 пайызга бүтүрүлдү.

Учурда металл-каркастуу конструкцияларды ширетүү жана монтаждоо иштери үчүн 25 адис тартылган. Ошондой эле объектте 12 атайын техника — экскаваторлор, самосвалдар, жылмалоочу машиналар тартылды.

Белгилей кетсек, бул объект боюнча долбоорлоо-сметалык документтер параллелдүү иштелип чыгууда жана этап-этабы менен мамлекеттик экспертизадан өтүп жатат.

Эске салсак, Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталган.

Бишкекте 100 орундуу оорукананын курулушу башталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM