Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 100 орундуу оорукананын курулушу башталды

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 912 | 0

Бүгүн, 25-июлда Бишкек шаарында 100 орундуу оорукананын пайдубалына капсула салынды. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен курулат. Учурда объектиде даярдоо иштери башталды, курулушту кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү пландаштырылууда. Ушундай эле оорукана Ош шаарында да салынат.

«Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип тиешелүү дарылануусун алып жатышат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азая баштаганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы тиешелүү иштер жүрүп жатат», — деди Жээнбеков.

Президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу менен Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалар курула турганын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 32 миң 124кө жетти. Анын 19 миң 203ү айыгып, 1249 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM