Биз менен байланышыңыз

Орусия: Коронавирустан каза болгондор 15 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 410 | 0

Өткөн суткада Орусияда 124 адам коронавирустан каза болду. Алардын көпчүлүгү — Санкт-Петербургда (15) жана Москвада (11). Жалпы каза болгондордун саны — 15 миң 384.

Акыркы суткада Орусиянын аймагында коронавирус оорусу менен жаңы 5057 бейтап катталды. Алар федерациянын 83 аймагындагы жашоочулар.

Орусияда жалпы 907 758 адамга коронавирус жугуп, алардын ичинен 716 396 адам айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM