5-августка карата сутка ичинде Орусиянын 83 аймагында 5 миң 159 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Маалыматка ылайык, 144 өлүм катталса, 7 миң 878 бейтап айыгып чыккан.
Вирус жуктуруп алгандардын 30 пайызында оорунун клиникалык белгилери жок экендиги айтылган.
Сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында — 691;
Свердлов облусунда — 192;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда — 177, калгандары башка аймактардан.
Жалпы оору жуккан адамдардын саны 861 миң 423кө жеткен.
Буга чейин орусиялык басылмалар пансионаттарда коронавирустун экинчи толкуну пайда болушу мүмкүн деп билдирген.
1-августтан тарта пандемияга байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын Орусияга кирүү тартиби өзгөрдү. Эмгектенүү үчүн келген чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 14 күн карантинге алынат.