Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Коронавирустан каза тапкандар 1000ден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 268 | 0

27-июлдан 2-августка чейин, бир жумада, Казакстанда 265 адам коронавирус инфекциясынан көз жумган. Бул тууралуу Казакстанда коронавирустук инфекциянын жайылышы боюнча расмий маалыматты берген Telegram каналында кабарланды.

Тактап айтканда, Нурсултан шаарында 29 адам, Алматыда 53 адам, Шымкентте 8 адам каза тапкан.

Мындан сырткары:

  • Акмола облусунда — 8 адам (4 эркек, 4 аял);
  • Алматы облусунда — 12 адам (6 эркек, 6 аял);
  • Атырау облусу — 7 адам (3 эркек, 4 аял);
  • Батыш Казакстан облусунда — 14 адам (7 эркек, 7 аял);
  • Чыгыш Казакстан облусунда — 38 адам (29 эркек, 9 аял);
  • Актөбө облусунда — 9 адам (6 эркек, 3 аял);
  • Жамбыл облусунда — 15 адам (7 эркек, 8 аял);
  • Караганда облусунда — 49 адам (27 эркек, 22 аял)
  • Костанай облусунда — 5 адам (4 эркек, 1 аял);
  • Кызылорда облусунда — 1 адам (аял);
  • Мангистау облусунда — 7 адам (5 эркек, 2 аял);
  • Павлодар облусу — 5 адам (2 эркек, 3 аял);
  • Түндүк Казакстан облусунда — 2 адам (эркектер);
  • Түркстан облусунда — 3 адам (2 эркек, 1 аял) көз жумду.

Бүгүнкү күнгө чейин Казакстанда коронавирустан каза тапкан 1058 учур катталды.

Copyright © 2017 Maral FM