Биз менен байланышыңыз

Димаш Кудайбергеновго менеджери нааразычылыгын билдирди

Казакстанды дүйнөгө таанытып жүргөн белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенов бала кезинен чогуу иштешип жүргөн досу, менеджери Алпамыс Шарипов менен кызматташуусун токтотту. Бул тууралуу ырчынын досу жергиликтүү Ютуб каналдарында маек  берип жатып билдирген.  Анын айтымында, баардык жумушту Димаштын  атасы Канат Айтбаев өз колуна ала баштагандан кийин ушундай чечим кабыл алганын айткан.

Акыркы күндөрү, достугубуз бекемделбей калган. Ич ара көп пикир келишпестиктер, ал тургай кээде сүйлөшпөй да калган учурлар болгон. Димаш дагы деле өз деңгээлине жеткен жок, ал Майкл Жексон сыяктуу улуу ырчы болууга татыктуу. Бүгүнкү күндө Димаштын досу эмесмин, жөн гана күйөрманымын. Ар кимдин өз жолу бар, балким Жараткандын буйругу чыгар. Менин дагы ошол учурларда үйбүлөмдө жана ден соолугума байланыштуу көйгөйлөр болуп жатты. Бирок Димаш булардын бардыгын билбейт эле. Аны ар кандай кечелерге чакырганда мен четте кала баштадым, тизгинди акырындан атасы алып баштады. Балким,  анысы дагы туура. Себеби,  Канат  аганын бул жаатта тажрыйбасы мол. Биздин арабызда уруш-мушташ болгон эмес, болгону таарынып сүйлөшпөй калган учурлар болгон. Ал учурда тагдыр өзү сүйлөштүрүп койчу. Балким, Димаштын мага деген таарынычы болушу мүмкүн. Бирок, экөөбүз дагы бири бирибизден чарчаган окшойбуз -деп  билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM