Биз менен байланышыңыз

Президент: Айрыкча экспортко чыгып аткан ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 832 | 0

«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы бекитилди. Программаны биринчи башталгандан жалпы каржылоо фонду 14 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө пландалууда. Бул быйылкы жылга кабыл алынган пландар, баштапкы этап. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген маегинде айтты.

Анын айтымында, азыр түзүлгөн оор кырдаал шартында, ишкердикти колдоо багытында, бир топ иш-аракеттер жасалды.

«Ишкерлерди фискалдык, каржылык жактан колдоо боюнча мен деталдаштырып, токтолбой эле коеюн. Бул боюнча Өкмөт, тийиштүү министрликтер маалымат берип, иш алып барып жатышат. Маалыматты дагы такай берип жатышат. 2021-жылы бул сумманы 40 млрд сомго чейин көбөйтөбүз. Бул боюнча тиешелүү финансылык каржы институттары менен иштеп жатабыз. Ошол жактан дагы каражаттарды тартабыз. Программанын алкагында коммерциялык банктарга Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд. сом бөлүндү» , — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы ошондой эле аталган программанын алкагында биринчи жеңил өнөр жайы, туризм, фармацевтика өнөр жайы, жүк ташуулар, өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларына өзгөчө басым жасала тургандыгын билдирди.

Мындан сырткары, каражаттарды айрыкча экспортко чыгып аткан ишкерлерге, ишканаларга жана импорттун ордун толтуруп аткан ишканаларга жумшай тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM