Кыргызгидромет билдиргендей, 2-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;
Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Бишкекте жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30 градус болот.