Биз менен байланышыңыз

Орусияда лайм даамданган ак дарбыз өстүрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 510 | 0

Орусиянын Астрахань облусунун үрөнчүлөрү ак жана лайм даамданган дарбыздарды өстүрүштү.

«Мастер Семья» селекциялык-үрөнчүлүк ишканасынын жетекчиси Артем Соколовдун айтымында, жаңы сорттун үстүнөн иштөө 15 жылдан бери уланып келет.

«Биздин 15 жылдык ишибиз татаал болду. Кол менен көптөгөн сортторду аралаштырып, чаңдаттык. Натыйжада биз абдан таттуу дарбыз өстүрдүк», — деди ал.

Дарбыздын жаңы сорту орто эсеп менен 3 кг салмактуу, тегерек жана жылмакай формага, саргыч кабыкка жана майда кара уруктарга ээ.

«Даамы лаймды эске салат, кычкыл, бирок ширелүү. Анын курамында кант көп», — деди Соколов.

Жаңы сорт азыркы учурда мамлекеттик сыноодон өтүп жатат. Ал кыш мезгилинде мамлекеттик реестрге киргизилери күтүлүүдө. Андан кийин ишканада жаңы сорттогу үрөндөрдүн биринчи партиясы өстүрүлөт. Ак дарбыздар кийинки жайда сатыкка чыгат.

«Биздин үрөн өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүбүз чексиз. Суроо-талап жөнүндө бир нерсе айтуу кыйын, бирок акыркы 2-3 жылда сары жана күрөң дарбызга суроо-талап 10 эсе өстү», — деди Соколов.

Азыр селекционер жашыл эттүү дарбыз өстүрүүнү пландап жатат. Бул «дарбыз күнжеле» түстөрүнүн толук болушун камсыз кылат. Бирок бул бир нече жылга созулат.

Copyright © 2017 Maral FM