Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 877 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 479 | 0

Бүгүн, 25-июль саат 12:00гө карата коронавирус жуктургандардын жаңы 877 учуру (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 32 миң 124 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү: Бишкек шаары — 257, Ош шаары – 60, Чүй облусу – 71, Ош облусу — 119,  Талас облусу — 79, Нарын облусу – 20, Ысык-Көл облусу – 122,  Жалал-Абад облусу – 91, Баткен облусу — 58.

Кыргызстанда дагы 1 миң 165 киши коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып, жалпы сакайгандардын саны 19 миң 203кө жетти.

Сутка ичинде өлкө боюнча 53 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алар: Бишкекте 9, Чүй облусунда 5, Ош шаарында 8, Ош облусунда 16, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 11, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1 медкызматкер илдетке кабылды.

Ошол эле учурда бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгышты. Мындан сырткары, үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 633 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 305 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда учурда ооруканаларда 12 миң 72 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 5 миң 364 киши, Ош шаарында – 673, Чүй облусунда – 1 миң 566, Ош облусунда – 1 миң 283, Нарын облусунда – 285, Ысык-Көл облусунда – 948, Жалал-Абад облусунда – 966, Талас облусунда – 371, Баткен облусунда 616 бейтап дарыланууда.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 32124тү түзөт. Алардын ичинен 19203 киши айыгып, 1249 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM