Биз менен байланышыңыз

Шайлоо- 2020: Чет өлкөдөгү шайлоочулардын алдын-ала тизмесине 13 миң адам кирди

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 576 | 0

Учурда чет өлкөдө жүргөн же жашап жатышкан адамдардын, Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 42 шайлоо участогун бекитти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө түзүлөт.

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын алдын-ала тизмесине 13 миң адам кирген. Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодон өткөн жарандардын бардыгы, тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Ал эми Кыргызстандан тышкары жүргөн бирок консулдук каттоодон өтпөгөн шайлоочулар, чет өлкөдөгү жашаган же жүргөн жериндеги шайлоо участогуна (форма 2 боюнча) добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. Бул ишти шайлоого чейин 15 календарлык күн калгандан (20-сентябрга чейин) кечиктирбей жасоо зарыл.

Каттоо үчүн консулдук акы албайт. 16-июлдан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында жайгашкан, 26-июлдан тарта таанышуу үчүн шайлоо участокторунда илинет.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери 4-сентябрда башталаарын эскертип, 20-августка чейин саясий уюмдар, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек.

3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM