Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда тойго 40 адамга чейин конок чакырууга уруксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 445 | 0

Тажикстандын майрамдарды жана каада-салттарды тартипке салуу комитети өлкөнүн бардык облустарынын жана райондорунун мамлекеттик бийлик органдарына үйлөнүү үлпөтүн уюштуруунун жана өткөрүүнүн жаңы эрежелерин бекитти. Бул тууралуу Азия Плюс порталы жазды.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында жарандар өкмөттүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде, үйлөнүү тойлорун тар чөйрөдө жана чектелүү адамдар менен өткөрүүгө болот.

Жаңы эрежелерге ылайык, тойго жакын туугандары катыша алышат жана алардын саны 30-40 адамдан ашпашы керек.

COVID-19дун алдын алуу боюнча республикалык штаб апрель айынан баштап үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүнү убактылуу токтоткон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM