Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Айя-Софьяда алгачкы ирет жума намазы окулат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 744 | 0

Бүгүн, 24-июлда Түркиядагы Айя-Софья мечит болуп өзгөртүлгөндөн бери алгачкы жолу жума намазы окулат.

Буга чейин, 10-июлда Түркиянын Стамбул шаарында Султан Ахмед мечитинин маңдайындагы Айя-Софьянын музей статусу жокко чыгарылып, мечитке айландыруу чечими кабыл алынган. Мындай жарлыкка өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган кол койгон.

Мындан ары Айя-Софья дин иштери боюнча башкармалыгынын көзөмөлүнө өтүп, мечит катары колдонулмакчы.

Айя-Софья алгач православ чиркөөсү, кийин мечит, андан соң дүйнөгө белгилүү музейлердин бири болуп келген. Айя-Софьянын ичинен мусулман динине тиешелүү да, христиан динине тиешелүү да сүрөттөрдү жана жазууларды көрүүгө болот.

Музейди мечитке өзгөртүү чечими православдык өлкөлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Ал эми ислам чөйрөсү муну кубануу менен кабыл алды. Имараттын ичиндеги православдарга тиешелүү болгон мозаикалар жок кылынбай тургандыгы айтылган, бирок кандай шартта сакталары азырынча белгисиз.


Түркияда талашка түшкөн Айя-Софья жана анын таржымалы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM