Биз менен байланышыңыз

Ирандын президенти каза болгон учурда анын ордуна ким өлкөнү башкарат?

Блог , Дүйнө | 20 мая 2024 | 565 | 0

Учурда Иран президентинин тик учагы кырсыктап, анын толук күйүп кеткени айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча тик учакта аман калгандар жок. Мындан улам Ирандын президенти каза болгон учурда анын ордуна ким өлкөнү башкарат? — деген суроо эл аралык ЖМКлардын көңүлүн бурууда.

Ирандын баш мыйзамынын 133 беренесинде өлкө лидери каза болгон учурда же кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырган учурда анын милдетин ким аткара турганы жазылган. Мыйзамда “Өлкө президентинин каза болуусу, кызматтан кетүүсү, арада жок болуп кетүүсү же эки айдан ашык убакыт ооруп калган учурда күчүнө кирет”,-деп айтылат.

Бирок азыркы учурда бул берене күчунө кире элек. Анткени Иран президенти Ибрахим Раисинин өлүмү тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.

Эгер мындай абал жаралса өлкөнү ким башкарат?

Иран мыйзамдарына ылайык, президент мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырса, каза болсо же ден соолугуна байланыштуу 2 айдан ашык жумушун аткара албай калса, дайынсыз жоголсо анын милдетин вице-президент аткарат. Ал өлкөдө мөөнөтүнөн президенттик шайлоону жарыялашы керек жана шайлоо 50 күндүн ичинде өтүшү зарыл.

Учурда Ирандын вице-президенти — Мухаммед Мухбир.

Мухаммдем Мухбир ким жана Иранда анын орду кандай?

Мухаммед Мухбир — Ирандын экономикалык иштери боюнча министри болгон. Ал саясий көз карашы жагынан Ирандын диний лидери Аятоллах Али Хаманеинин жакын адамы катары таанымал. Ал буга чейин «Седат» вакф фондунун жетекчиси болгон.  Бирок аталган фонд кийин мамлекет тарабынан конфискацияланган. Мухаммед Мухбирди президенттин жардамчысы кызматына Ирандын руханий лидери Аятоллах Али Хаменеи алып келгени айтылып жүрөт. Буга чейин «Сина Банкта» башкаруучулар кеңешинин төрагасы кызматында жана Хузистан провинциясынын губернаторунун орун басары да болгон.

Мухаммед Мухбир 2021-жылы январь айында АКШнын Казына департаменти тарабынан кара тизмеге киргизилген.

Азырынча Иранда кандай абал болуп жаткандыгы тууралуу так маалымат жок.

Учурда Ирандын телеканалдары Иран Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына таянып, кырсыкка кабылган тик учактын жайы аныкталганын, ал толугу менен күйүп кеткенин билдирди. «Тилекке каршы, тик учактын ичиндеги жүргүнчүлөр да, экипаж мүчөлөрү да аман калган жок», — деп айтылат маалыматта.

Тик учакта Иран президенти Ибрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдоллахиян жана бир катар чиновниктер болгон.

Белгилей кетсек, 19-майда Иран президенти тик учак менен Азербайжанга учуп келген. Анда Азербайжан президенти менен Илхам Алиев менен жолугушуп, Иран менен Азербайжандын чек арасына курулган суу сактагычтын ачылышына катышкан.

Иш сапардын кайткан учурда, коюу тумандан улам тик учак Иран-Азербайжан чек арасындагы тоолуу аймакка конууга мажбур болгону айтылган.

Ирандын расмий маалымат булактары коюу туман куткаруу иштерин кыйындатканын жазды. Түркия, Орусия өлкөлөрү Иран президентин издөөгө жардам колун сунган. Ал эми Түркиянын «Акынжы» учкучсуз учагы жардамга келип, тик учак кырсыктаган жайды аныктоого жардам бергени айтылды.

63 жаштагы Ибрахим Раиси 2021-жылы президент болуп шайланган. Ал эки турга созулган шайлоо процесси менен келген. Бийликке келгенден кийин бийликке каршы нааразычылык акцияларына чыккандарга карата катаал жазалары менен таанымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM