Биз менен байланышыңыз

АКШ Кытайга Хьюстондогу консулдугун жабуу үчүн үч күн убакыт берди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 738 | 0

Бул тууралуу 22-июлда өткөн брифингде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбинь билдиргендигин ТАСС агентиги жазды.

21-июлда АКШ Кытайдан Хьюстондогу Башкы консулдугун жабууну талап кылды. АКШнын бул бир тараптуу саясий провокациясы эл аралык мыйзамдарды жана эл аралык мамилелердин негизги принциптерин, ошондой эле Кытай менен АКШнын ортосундагы консулдук келишимди олуттуу түрдө бузуп жатат, — деди ал.

Дипломат эгер АКШ консулдукту жабуу талабынан баш тартпаса, Кытай бийлиги зарыл чараларды көрөрүн айтты.

Дипломат ошондой эле Кытайда Америка Кошмо Штаттарынын дипломатиялык персоналы алда канча көп экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү АКШны туура эмес чечиминен тезинен баш тартууга чакырып, ушул жолду уланта беришсе, Кытай чечкиндүү чараларды көрө тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM