Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Сирия эли бошотулганга чейин Түркия ошол жерде каларын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 436 | 0

Сирия эли эркиндик жана коопсуздукка жеткенге чейин Түркия ошол аймакта болот. Мындай билдирүү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жасады.

-Биздин боордош коңшубуз Сирия эли эркиндикке жана тынчтыкка жетишмейинче биз ушул жерде болобуз. Алар Сирияда шайлоолорду өткөрүп жатышат. Ушундай шайлоо өткөрүлөбү? Демократия жөнүндө сүйлөшүп жаткан өлкөлөр кайда? — деди президент.

Эрдоган Сириядагы парламенттик шайлоо боюнча коментарий берип жатып:

-Түркия четке кагылгандардын тарабын алууга жана кырдаалга каршы чыгууга аргасыз болду, — деди.

19-июлда Сириянын Элдик Кеңешине шайлоо болуп өттү. Парламенттеги 250 орун үчүн 1665 талапкер ат салышты. Шайлоо үчүн өлкөдө 7313 шайлоо участогу түзүлдү.

Эске салсак, Орусия, Түркия жана Иран лидерлери Владимир Путин, Режеп Тайып Эрдоган жана Хасан Рухани 1-июлда Сирия боюнча видеоконференция өткөрүшкөн.

Саммиттин соңунда үч президент Сириянын аймактык бүтүндүгүн колдоп, өлкөдөгү мунайдан түшкөн кирешелерди мыйзамсыз басып алууга жол берилбестигин билдирип, террористтерди жок кылуу жаатында кызматташууга даяр экендигин билдиришкен.

Мындан сырткары, Сириядагы чыр-чатакты жөнгө салууда координацияны жогорулатууга макул болушкан. Ошондой эле, эл аралык коомчулукту сириялыктарга жардам көрсөтүүгө үндөшкөн.

13-мартта Түркия менен Орусия Анкарада Идлибдеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM