Биз менен байланышыңыз

Эмне үчүн дистанттык окутуу тандалып алынды? 

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июл 2020 | 1100 | 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Марал» радиосуна министрлик ар бир аймак боюнча анализ жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен окутуунун дистанттык формасы тандалып алынгандыгын билдирди.

-Эмне үчүн толук онлайн форматка өткөн жокпуз, анткени мында мугалим 45 мүнөт толук сабак өтүшү керек. Ири шаар, район борборлорунда бул ишке ашышы мүмкүн. Интернет окутууну ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Жадыбал түзүү оңой эле. Анын баарын аткарсак болмок, бирок дистанттык форматка барарда ар бир аймактын интернетке болгон мүмкүнчүлүгүн билип, мониторинг кылганбыз. Ошондуктан аралыктан окутууну тандап алганбыз, — дейт Жусупбекова.

«8 студияда телесабактар тартылууда, сапаты бир топ жогору болот»

Окуучулар аралыктан окутууда да китептерди алышат. Алдыда электрондук китептер жүктөлүшү ыктымал. Билим берүүнүн мындай түрүндө калыптандыруучу баалоо ыкмасы колдонулат. Ал кайтарым байланыш менен бир, суммативдик баалоо менен чогуу жүргүзүлөт.

Учурда эксперттер дистанттык окутууну «байытуунун» үстүндө анализ жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, учурда практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун артыкчылык катары койгон варианттагы чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле, тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда телесабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы  карап чыгып, аларды тартууга киришкени кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM