Биз менен байланышыңыз

«8 студияда телесабактар тартылууда, сапаты бир топ жогору болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июл 2020 | 1011 | 0

2020-жылдын 1-сентябрында окуу процесси башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

-Билим берүү толук дистанттык болбой, аралаш болушу да мүмкүн. Эпидемиологиялык абал жакшырса, салттуу режимге өтөбүз. Ар бир айыл, район, шаар өзүнө изилденет. Эксперттик кеңештин анализдеринен соң болгон маалыматты талдап, бир нече варианттарды иштеп чыгууга аракет кылабыз, — дейт Жусупбекова.

Анын айтымында, учурда 8 студияда телесабактар тартылууда. Жакында дагы эки студия кошулат.

I чейрек үчүн мектепке чейинки, мектепке даярдоо курсунан баштап 1-11-класстар үчүн предметтер боюнча сабактар тартылып жатат. IV чейректе өтүлгөн ар бир телесабак боюнча методикалык колдонмо жазылып, күчтүү методисттер тартылды. Эми телесабактардын сапаты бир топ жогору болот.

«Телесабак календардык тематикалык планда каралган бардык сабактарды камтый албайт. Мугалим анда негизги окуу материалын камтып, графикалык уюштургучтарды колдонууга жетишиши керек. Ал үчүн окутуучуларга темалар эрте берилет», — дейт Жусупбекова.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM