Биз менен байланышыңыз

Быйыл акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 1220 | 0

Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал коронавируска байланыштуу окуучулар жаз айларында мурдагыдан бир аз көп эс алганын айтып, окуу программалары толук түрдө өздөштүрүлүшү үчүн быйыл окуу жылы 25-майда эмес, 30-майда аяктай тургандыгын эскертип өттү.

2019-2020-окуу жылында «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына, башкача айтканда, ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга талапкерлердин саны — 1420.

Надира Жусупбекованын айтымында, өткѳн окуу жылында алгачкы талапкерлердин саны – 1098, баалоого катышкандардын саны – 1051, ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга укуктуу экенин тастыктагандардын саны 182  түзгѳн.

Copyright © 2017 Maral FM