Биз менен байланышыңыз

Жаңы окуу жылы аралыктан окутуу менен башталат

Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 6063 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

2020-2021-окуу жылына карата даярдыктар өкмөт тарабынан бекитилген Антикризистик планга ылайык жүргүзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын кабарлады.

Эгер санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси да өзүнчө каралат.

Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүсүн сунуштайт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет, -деп айтылат маалыматта.

Учурда практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун артыкчылык катары койгон варианттагы чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда телесабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы  карап чыгып, аларды тартууга киришкени кабарланды.

Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Аны тартууда сапатка, маңызга көңүл бөлүнөт. Бул максатта атайын методикалык колдонмо иштелип чыкты.

Буга кошумча мугалимдер жана методисттер үчүн окутуулардын циклы уюштурулуп, ийгиликтүү тажрыйба республиканын мугалимдерине да жайылтылат.

Окуучуларды онлайн-тестирлөөгө мүмкүндүк берген платформаны жакшыртуу иштери улантылууда. Окуу китептери электрондоштурулуп, kitep.edu.gov.kg платформасына жайгаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM