Connect with us

Кыргызстанда 70 мектепте окутуу кадимки режимде жүрүп жатат

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 652 | 0

Кыргызстандын ар кайсы аймагындагы 70 мектепте окуу кадимкидей режимде жүрүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, интернет жеткиликсиз болгон жана коронавирус кооптуулугу болбогон аймактарда окуучулар мектепке каттап окуп жатышат. Ал жерде калк аз жашаганы жана окуучулардын ден соолугуна коркунуч болбогону үчүн уруксат берилгенин айтты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эпидемиологиялык абал анча жакшы эмес аймактарда, ири шаарларда 1-класстар гана мектепке барып, башка класстын окуучуларын окутуу дистанттык негизде жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM