Биз менен байланышыңыз

Дистанттык окутууда айрым мугалимдер иштебей калабы?

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июл 2020 | 6938 | 0

Дистанттык окутуу мугалимдердин талантын ачууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аралыктан окутууда мугалим окуучуга түшүнүксүз маселени так түшүндүрүп берет, кайтарым байланыш түзүлөт. Анда окуучуларга багыт, тапшырма берип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынат.

Окутуунун мындай форматында кээ бир мугалимдер иштебей калышы мүмкүн эмес. Бардык мугалимдер дистанттык форматта кайтарым байланышка чыгышы керек.

Министрлик окутуучулардын чеберчилигин жогорулатуу үчүн ар кандай вебинар, материалдарды берип, колдоо көрсөтөт. Ошондуктан дистанттык формат мугалимдердин талантын ачууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

-Учурда бизге кайтарым байланышы боюнча толук анализ керек. Педагог, серепчилерден сунуштарды күтөбүз. Талдап, жакшы вариантты иштеп чыгышыбыз керек. Анда окуучулардын кызыкчылыгы, ата-эне, мугалимдер жана балдардын коопсуздугу эске алынат, — деди Жусупбекова.

Ал мындан сырткары, 1-класстын окуучуларына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Учурда бир канча варианттардын үстүндө иштер алып барылып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM