Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Сутка ичинде 73 бейтап көз жумду

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 647 | 0

18-июлга карата бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 73 бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Каза болгондор төмөнкү аймактардан:
Бишкек – 22
Чүй облусу – 2
Ош облусу – 15
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 7
Ысык-Көл облусу – 1
Жалал-Абад облусу – 19
Баткен облусу – 5

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикалары бириктирилди. Ага ылайык, каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алуу менен аныкталды.

Республика боюнча COVID-19дан каза болгондор 858ди түздү. Ал эми коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 25 047ге жетти.

18-июль: Дагы 1264 адамдан коронавирус аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM