Биз менен байланышыңыз

АКШ: Пандемиядан көз жумгандарды сактоо үчүн муздаткыч-чиркегичтер алынууда

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 345 | 0

АКШнын Аризона жана Техас штаттарынын COVID-19 кеңири жайылган айрым округдары илдеттин курмандыктарын сактоо үчүн муздаткыч-чиркегичтерге (трейлер) буюртма берип жатышат. Себеби өлүкканалар толуп кеткен. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады.

Аризонанын эң ири шаары Финиксте жайгашкан Марикопа округу 280 кишинин сөөгүн сактап калууга даярдык көрүү жана жабыркагандардын саны өсүшү мүмкүн экенин эске алып, даярдык катары 14 чиркегич алып келди.

Техастын San Antonio шаары жана Bexar округу 5 муздаткыч-чиркегичтерди алып келди. Анда 180 кишинин сөөгү сакталат.

Апрель айында Нью-Йорк шаарында жүздөгөн ушул сыяктуу муздаткыч-чиркегичтер колдонулган, ошол кезде COVID-19 курмандыктарынын саны күнүнө 700дөн ашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM