Биз менен байланышыңыз

Ырчы Алмаз Шаадаев элди «ойгонууга» чакырган ыр жазды (видео)

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 16 Июл 2020 | 3907 | 0

Эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев «Жаркырасын Кыргызстан» аттуу ырынын экиничи бөлүгүн жаздырып  жатат.  Жаңы эмгеги  тууралуу «Марал» радиосуна байланышып  төмөнкү маалыматтар менен бөлүштү:

«Буйруса бүгүн, эртең жарык көргөнү жатат, мурда жазылган  «Жаркырасын Кыргызстан»- деген  аталыштагы ырыбыздын экинчи бөлүгү деп айтсак болот. Сөзүн акын, Кудрет Тайчабаров жазды.  Бул термеде  бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр, ачуу чындык  элге  даана  айтылды. Мен элге кайрылуу жасадым десем  болот. Буга чейинки биринчи бөлүгү  чоңдорго кайрылуу болуп арналган.»

Эске салсак, терменин  биринчи бөлүгү деп айтылып жаткан “Жаркырасын Кыргызстан” ыры коомчулукта чоң талкууну жараткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM