Биз менен байланышыңыз

Окумуштуулар дүйнө калкынын 2100-жылга божомолдуу санын айтышты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 1578 | 0

Окумуштуулар дүйнө калкынын 2100-жылга карата божомолдуу санын айтышты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, калктын санынын эң жогорку өсүшү 2064-жылы болуп, жалпы адамдардын саны 9,7 миллиардга жетет. Ал эми 2100-жылы Жердин тургундарынын саны 8,8 миллиардга чейин кыскарат. Бул БУУнун божомолунан  2 миллиардга аз. Бул тууралуу  REN TV жарыялады.

Окумуштуулар түшүндүргөндөй, төрөлүү коэффициенти төмөндөйт. Бул контрацепция каражаттарынын кеңири таралышы, ошондой эле аялдардын билим деңгээлинин жогорулашына байланыштуу болот.

2100-жылга эң көп калкы бар алдыңкы беш мамлекет Индия, Нигерия, Кытай, АКШ жана Пакистан болот.

Мындан тышкары, Япония, Таиланд, Италия жана Испания жана дагы 20дан ашуун өлкөдө 2100-жылга карата калктын саны 50%га чейин төмөндөйт. Кытайдын калкы дагы 48% га азаят.

Окумуштуулардын айтымында, 2100-жылы дүйнөдө 65 жаштан жогору 2,37 миллиард адам жана 20 жашка чейинки 1,7 миллиард адам жашай турганын иликтөөнүн авторлору белгилешкен.

Copyright © 2017 Maral FM