Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирустун саны 63 миңден ашты

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 319 | 0

Акыркы сутканын ичинде Казакстандын аймагында дагы 1759 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 844 адамда оорунун белгилери байкалган эмес. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

Коронавируска каршы күрөшкөн штабдын маалыматы боюнча, учурда Казакстанда жалпы 63 514 адамга коронавирус оорусу жукту. Алардын ичинен 34 миң 190 адам айыккан.

Буга чейин белгилүү болгондой, казакстандыктардын арасында инфекция жуктургандардын арасында алты жашка чейинки 1200гө жакын бала, ошондой эле мектепке чейинки мекемелердин 19 кызматкери болгон.

Эске салсак, өлкөдө күчөтүлгөн карантин 2-августка чейин узартылган.

Copyright © 2017 Maral FM