Биз менен байланышыңыз

Бир сутка ичинде 46 бейтап каза болду

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 637 | 0

Өткөн сутка ичинде 6 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 90 жаштагы эркек жаран;
Жайыл аймактык ооруканасынан 69 жаштагы жана 70 жаштагы эки аял;
Жалал-Абад облустук ооруканасынан 53 жаштагы жана 49 жаштагы 2 эркек;
Нарын облустук ооруканасынан 61 жаштагы аял каза болду.

Кыргызстанда коронавирус пайда болгондон бери жалпы каза болгондордун саны 122 кишиге жетти.

Ошондой эле, бир сутка ичинде пневмониядан 40 бейтап каза болду. Алардын ичинен 14 адам республиканын ар кайсы аймагынан болсо, Бишкекте 26 адам.

Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны 350гө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM