Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Жума намазы убактылуу окулбай турган болду

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 655 | 0

Кыргызстандагы коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Аалымдар Кеңешинин чечими чыкканын муфтияттан кабарлашты. Ага ылайык, жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окула турган болуп чечилди.

-Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин жума намаздары эпидемиологиялык эрежелерди сактоо шарты менен окулуп жаткан болчу.

Муфтият обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга 1415 орун берүүгө даяр

Copyright © 2017 Maral FM