Биз менен байланышыңыз

Муфтият: Бишкекте жума намаз, даават убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 450 | 0

30-апрелден баштап Бишкек шаарындагы мечиттерде эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп турат.

Муфтият мындай чечимди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун талаптарына ылайык, калаада COVID-19 коронавирус инфекциясы көбөйүп, эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу Аалымдар Кеңешинин макулдугу менен кабыл алды.

Ошондой эле 30-апрелден тарта дааватка чыгуучулардын жалпы каттоо иштерине убактылуу чектөө киргизилет. Буга чейин Бишкек шаарындагы мечиттерде ифтарлык өткөрүүгө киргизилген чектөө күчүндө калат.

Муфтият жарандарыбызды туура түшүнүү менен кабыл алып, оорунун алдын алууга жардам берүүлөрүн өтүнөт.

Мындан улам жарандарыбыздан мечиттерге келүүдө:

  •  Беткап тагынуусун;
  •  Дене табын текшертүүсүн;
  •  1,5 метрлик аралыкты сактоосун;
  •  Даарат алчу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоосун;
  •  Жаш балдар, кары-картаңдар, ооругандар, дене табы көтөрүлгөндөр мечитке келбей туруусун өтүнүп, кол алышып, кучакташып көрүшпөй турууга чакырат.

Ошондой эле беш убак намаздарды сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окууну сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM