Биз менен байланышыңыз

Сүрөт: Карантинден кийинки алгачкы жума намазы

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 977 | 0

Бүгүн Кыргызстанда карантинден кийин ачылган мечиттерде алгачкы ирет жума намазы окулууда. Буга чейин айтылгандай, мечиттерге намазга келгендерге социалдык аралыкты сактоо жана гигиеналык эрежелерге баш ийүү талабы коюлган.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин айтымында, бүгүнкү жума намазга келген адамдар мечиттерде коюлган талаптардын негизинде киргизилди.

8-июндан тарта Кыргызстандагы бардык диний мекемелердин иштөөсүнө уруксат берилген.

Төмөндө Бишкектеги эң чоң Имам Сарахси атындагы мечиттеги намазга даярдык учурунда тартылган сүрөттөр:

Copyright © 2017 Maral FM