Биз менен байланышыңыз

Бишкекке 100 автобус алып келүүчү компания аныкталды

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 454 | 0

Бишкек шаардык мэриясы 100 автобус алып келүү боюнча тендердин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңүүчү компания кытайлык «Zhengzhou Yutong bus Co., Ltd.» ишканасы болгон.

Тендерге жалпы үч компания катышкан. 8-июлда тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн отуруму болуп, анда жеңүүчү аныкталган — кытай компаниясы 100 автобус үчүн 657 миллион 977 миң 785 сом сунуш кылган.

Жүргүнчү ташуучу автобустарды алууга шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Былтыр аталган компания Бишкекке жаратылыш газы менен жүрүүчү 60 автобус алып келген.

Автобустар 2020-жылы  чыгарылган болуп, ичинде 26 орундук жана 70тен ашуун жүргүнчү батат.

Copyright © 2017 Maral FM