Биз менен байланышыңыз

44 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди (тизме)

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 2068 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына 44 саясий партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө билдирүүлөр түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 8-июлда парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардан документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады.

3-июлда президент кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар:

1. «Ата-Мекен»;
2. «Мекенчил»;
3. «Бирик»;
4. «Мекен Ынтымагы»;
5. «Ордо»;
6. «Бийлик элге»;
7. «Чоң Казат»;
8. «Кыргызстан Коммунисттер партиясы»;
9. «Элдин биримдиги»;
10. «Ооганстандагы согуш ардагерлеринин саясий партиясы жана башка жергиликтүү конфликттердин катышуучулары»;
11. «Актив»;
12. “Кыргызстандын Жумушчу партиясы”;
13. «Республика»;
14. «Кыргызстан Агрардык партиясы»;
15. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана патриотизм саясий партиясы;
16. «Демократ»;
17. «Улуу Журт»;
18. «Кыргызстандын Жашылдар партиясы»;
19. «Эмгек партиясы»;
20. «Социал-демократтар»;
21. «Бүтүн Кыргызстан»;
22. «Таза Коом»;
23. «Ар-Намыс»;
24. «Кыргызстан»;
25. «Ыйман Нуру»;
26. «Ак калпак»;
27. «Мекеним Кыргызстан»;
28. «Адам Демократ»;
29. «Жаратман эл»;
30. «Биримдик» ;
31. «Реформа»;
32. «Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы»;
33. «Эл үнү»;
34. «Улуу Кыргызстан»;
35. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»;
36. «Тартип»;
37. «Замандаш»;
38. «Кыргызстандын патриоттору»;
39. «Элдик көзөмөл»;
40. «Бүткүл Жаштар Саясий Партиясы»;
41. «Kут»;
42. «Нур» Либералдык-демократиялык партиясы;
43. «Өнүгүү Кыргызстан»;
44. «Билим Илим ордосу»

Copyright © 2017 Maral FM